Марал Радиосу

Бишкектен Пекинге туруктуу аба каттамы ачылат

24-январда кытайлык China Southern Airlines авиакомпаниясы Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча туруктуу аба каттамын ачат.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкектен Пекинге үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылат.

Жаңы багыт боюнча жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учууга болот.