Марал Радиосу

Орусия менен Украина БАЭнин ортомчулугунда туткундарын алмашты

Орусия менен Украина августтун башынан бери биринчи жолу туткундарды алмашты. Орусия 248, Украина 230 адам кайтып келгенин билдирди. Алмашуу Бириккен Араб Эмираттарынын ортомчулугу менен ишке ашты.

Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлиги ортомчулук аракеттери тууралуу билдирүү таратты.

«Бул ортомчулук аракеттеринин ийгилиги Бириккен Араб Эмираттарынын Орусия жана Украина менен болгон бекем достук мамилесинин көрсөткүчү» , — деп айтылат маалыматта.

Украинанын Жогорку Радасынын адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец бул тараптардын 49-жолку алмашуусу экенин тактады. Анын айтымында, Змейный аралынын жана Мариуполь шаарынын коргоочулары Украинага кайтып келишти, анын ичинде «Азовсталь» заводунда болгондор да бар.

Exit mobile version