Марал Радиосу

Жапаров Баткенде милициянын катардагы инспектору 80 миң сом айлык аларын айтты

Ички иштер министрлигине 66 техника тапшырылды. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп жатып, акыркы эки жылда республика боюнча ички иштер органдарында 42ден ашуун жаңы имарат курулганын, 200гө жакын имарат оңдоодон өткөрүлгөнүн маалымдады.

«Ар бир милиция бөлүмдөрүндө атайын камералар орнотулган. Санариптештирүүнүн алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында республикалык бюджеттен 800 даана сервердик жабдык, видеорегистратор, планшет, 1200 даана төш-камералар алынган. Ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө унаалар жаңыланып, милициянын 59 көчмө кабыл алуу пункттары иштеп жатат» , — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Айлык акылары боюнча айтып, 2019-жылы милициянын катардагы инспектору 24 миң сом алса, азыр 45 миң сом аларын белгиледи. Баткенде милициянын катардагы инспектору 2019-жылы 24 миң сом алса, азыр 80 миң сомдой алат.

Exit mobile version