Марал Радиосу

Айбек Жунушалиев: «Туунун нурлары 39 эле экен» -деген маалымат чындыкка дал келбейт»

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордук аянтка мыйзам менен кабыл алынган туу илингенин, “анын нурлары 39 эле экен” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты. Шаар башчысы “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген жаңы желек 2-январда түшүрүлүп нурлары саналганын билдирди.

“Социалдык тармактарда көп талкуу болгондуктан туубузду ылдый түшүрүп да тартып, элге эсебин чыгарып, 40 нуру бар экенин көрсөтүп бердик. Мыйзамга туура келерин аныктап, видео тараттык”, — деди Айбек Жунушалиев.

Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь эртең менен белгилүү болгон. Көп өтпөй социалдык тармактын бир катар колдонуучулары тууда күндүн 40 эмес, 39 эле нуру бар экенин жазып чыгышкан.