Марал Радиосу

Кыргызстан менен Сириянын футбол курамалары контролдук беттеш өткөрөт

Кыргызстан менен Сириянын футбол курама командалары Дубайда контролук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан маалымдашты.

Оюн 5-январда болот. Беттеш машыктыруучулук мүнөзгө ээ болуп, жабык режимде жана эфирсиз өтөт.

Белгилей кетсек, учурда «Ак шумкарлар» 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыктын акыркы этабын баштады.