Марал Радиосу

Камчыбек Ташиев Сузак райондук милициясына 12 автоунаа тапшырды

Бүгүн, 2-январда УКМКнын Камчыбек Ташиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 12 автоунаа тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Камчыбек Ташиев автоунаалар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык берилип жаткандыгын айтты.

Ошондой эле өздүк курамды жаңы жылы менен куттуктап, бул жылы Сузак милициясына жаңы имарат салынаарын кошумчалады.