Милиция кызматкерлери бүгүн, 1-январда да күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин билдирүүсүнө таянып айтсак, 31-декабрда жалпы 434 маалымат жана кайрылуу түшкөн, анын ичинен үчөө кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Өлкө боюнча 19 жол кырсыгы катталып, 22 адам ар кандай жаракат алган.
31-декабрдан 1-январга караган түн коогасыз тынч өттү. Жалпы өлкө боюнча 10 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, иш-чаралар өтүүчү жайларга атайын посттор коюлган. Кылмыштарга, жоруктарга убагында чара көрүү үчүн атайын топтор түзүлгөн.
Иш-чаралар өткөн жайларда майда жоруктарды эске албаганда, мыйзам бузуулар, кылмыштар болгон эмес.