Марал Радиосу

Жыл ичи өлкө экономикасында кандай өсүштөр болду?

Быйыл 11 айда ички дүң продукциясынын көлөмү 1 тлрн сомдон ашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II Элдик курултайда билдирди. Анын айтымында, өлкөдө экономика жаатындагы иштер жакшы диманика менен бара жатат. Жапаров тышкы саясаттын туура жүрүшүнөн 2022-жылы өлкөнүн экономикасына 1,2 млрд доллар түз чет элдик инвестиция тартылганын белгиледи. Быйыл өлкө экономикасында кандай өзгөрүүлөр болду? Мамлекеттин экономикасы өнүгүү жолуна түштүбү?

Быйыл Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү тарыхый 1 трлн сомго жетери күтүлгөн.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-октябрь айларында Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 919,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,6%га, тейлөө чөйрөсүндө – 4,9%га, өнөр жайда – 1,3%га өстү, ал эми айыл чарбасында өсүү темпи 2022-жылы 100,1%ды түзүп, ушул эле мезгилдин деңгээлинде сакталды.

Экономист Төлөнбек Абдыровдун айтымында, буга чейин өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 1 трлн сомго жеткен эмес. Бул — жакшы көрсөткүч. Аны менен катар быйыл бир катар тармактарда өсүш болгонун белгилеп, бир гана айыл чарба жааты аксап жатканын айтты.

«Негизгиси дүң продукциянын көлөмү 1 трлн сомдон ашты. Буга чейин ички дүң продукциянын көлөмү мындай натыйжа берген эмес. Бул жакшы көрүнүш. Эми калган жактарды карасак, бир гана айыл чарба тармагы мурунку көрсөткүчтөр менен эле турат. Ал эми курулуш, өндүрүш, туризм, соода жагы өсүштү көрсөтүп жатат. Жалпы бардык тармактарда өсүш байкалууда».

Абдыров буга чейин саясатка гана көңүл бурулуп келгенин, эки жылдан бери мамлекет тарабынан экономиканын өсүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтат.

Ал экономика тармагы акырындап санариптештирилип келе жатканын колдойт.

«Эки жылдын ичинде экономикага накта көңүл бурула баштады. Буга чейин саясат менен эле алек болуп, экономикага көңүл бурулбай калчу. Ал эми азыр экономикага кичине көңүл бурулуп жатат. Экинчиси, ЕАЭБге кирдик. Ал жактын биринчи эле талабы санариптештирүү багытына өтүү болчу. Эки жылдан бери экономика тармагы санариптештирилип келе жатат. Мындан улам ушундай натыйжаларды көрүп жатабыз. Анткени ККМдин санын көбөйтө баштадык. Көмүскө экономикада болуп жаткан нерселердин баары ачыкка чыга баштады».

Экономист Назгүл Кубакаева быйыл экономика тармагында бир катар жаңы мыйзамдар жана өзгөрүүлөр киргизилгенин белгиледи.

Айтымында, бул жылы ишкерлердин ачыкка чыгып иштөөсүнө шарттар түзүлдү.

Ал келе жаткан жылы экономикалык көрсөткүчү каралбай жаткан тармактар дагы өнүгөт деген ишеничте.

«Өкмөт берип жаткан көрсөткүчтөр боюнча экономика өнүккөн сымал. Ал эми биз үчүн быйылкы жетишкендик бул өкмөттүн токтомдору болду. Салык кодексине өзгөртүүлөр бекитилди. Жаратмандык жана чыгармачылык тармакта иштеген мекендештерибиз үчүн ачыкка чыгып иштөөгө, экономиканын субъектиси катары катталып иштөөгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Учурда экономикалык көрсөткүчтөрү каралбай калган тармактар дагы кийинки жылы алар дагы ачыкталып иштешине шарттар түзүлөт деп үмүттөнөбүз. Ошондо экономиканын өнүгүшүнө жаратмандардын кошкон салымы бар экенин көрөбүз».

Дагы бир экономист Азамат Аттокуров өлкөнүн экономикасынын өнүгүү көрсөткүчү 4 пайыздан жогору болуп жатканын айтат.

Ошондой эле ал бир катар тармактагы өсүштөрдү белгилеп, бирок улуттук банктын уставдык капиталы дагы деле кымбат экенин кошумчалады.

«Өнүгүү темпи жакшы. 4 жана 4,2 пайыз болуп жатат. Бул жакшы көрсөткүч. 10 пайызга жетиши мүмкүн экени айтылууда. Бирок 10 пайызга жетпейт. Негизги өнүккөн тармактар: сатуу, курулуш тармагы. Себеби батирлердин ижарасы кымбаттап, курулуш тармагына пайда алып келүүдө. Мындан тышкары банк тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетти. Мобилдик тиркемелер көбөйүп, ал аркылуу акча которуулар көп болду. Быйылкы экономиканын жетишкендиктеринин бири салыктарды ачыкка чыгарылганы болду».

2023-жылдын 16-февралында өткөн коллегияда министр Данияр Амангелдиев 2023-жылга карата пландарды жарыялап, анда өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү – экономиканын 5%дан кем эмес өсүшү же ички дүң продукциянын көлөмүн 1 триллион сомдон жогору жеткирүү экенин билдирген.

Ал эми Дүйнөлүк банк 2023-жылы Кыргызстандын ИДПсынын өсүшүн 3,5 пайыз деңгээлинде болжолдогон. Дүйнөлүк банктын октябрь айында Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча баяндамасында айтылгандай, 2024-2025-жылдары Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү 4 пайызды түзөт.

Exit mobile version