Марал Радиосу

Президенттин билдирүүсү: Ички инвесторлордун абалы кандай?

Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөгө сырттан келген инвесторлор көбөйүп жатканын, бирок алардын айрымдарын жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар бар экенин билдирди. Мындай билдирүүдөн кийин ишкерлер ички инвесторлорлорго да көңүл бурууга чакырып, алар кабылып жаткан көйгөйлөрдү айтышты.

Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары чет өлкөдөн келген инвесторлор көбөйгөнүн, бирок алардын айрымдарын алдап кеткен учурлар катталып жатканын, укук коргоо органдары алдамчыларды кармап, инвесторлорго акчасын өндүрүп берген учурлар да бар экенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Акыркы жылдары биздин өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе баштады. Албетте бул бизди абдан кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын. Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат. Албетте, күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө. Кыргызда «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды!», — деп жазды Президент Садыр Жапаров.

Аны менен катар инвесторлордон Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу агенттиги сыяктуу мамлекеттик мекемелер менен иштешүүнү өтүнүп, мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринен бюрократияга жол бербөөнү талап кылды.

Бул мамлекет башчынын алгачкы кайрылуусу эмес. Ал буга чейин да бир нече ирет билдирүү жасаган.

Президенттин «Фейсбуктагы» бул постуна айрым ишкерлер комментарий жазышып, ички инвесторлор боюнча да чечилбеген көйгөйлөр көп экенин айтышып, ички инвесторлорго да көңүл бурууга чакырышкан.

Жеке ишкер Рысгүл Акимжанованын пикиринде, инвесторлорду «сырткы», «ички» деп бөлгөн туура эмес. Бардык инвесторго бирдей шарт түзүлүшү керек.

Ошондой эле ал ишкерлигин өлкөнүн бардык облусуна жайылтуу, жергиликтүү бийлик менен иштешүү максатында бир нече жолу кат жолдогонун, бирок алгылыктуу жооп ала албай келгенин айтып берди.

«Биринчиден, инвестицияда «сырткы», «ички» деп бөлгөн туура эмес. Экинчиден, инвестор кайсы тармакка, кайсыл жактан келбесин, бардык тиешелүү шарттар түзүлүшү керек. Бизде сырттан инвестор келет десе, кызыл килем салып, сый-урмат менен тосуп алышат. А ошолор кура турган завод-фабрикаларды биздин мекендештер куралы десе, ошол жердин жергиликтүү бийлик органдары, жашоочулар каршы чыгып, мамилеси башкача болот. Биз башкаларга көз каранды болгонду психологиялык жактан токтотуубуз керек. Эң негизги нерсе сырттан инвестор издебестен, өзүбүздүн жарандарыбызды, чет өлкөдө жүргөн мекендештерибизди тартуубуз керек». 

Дагы бир жеке ишкер Бакай Оморовдун айтымында, Кыргызстанда бардык ишти мыйзамдын чегинде жасасаң, эч кандай кыйынчылык болбойт. Бирок мамлекеттик мекемелерде бюрократия болгондуктан тийиштүү документтерди алууда кыйынчылык жаралып, ишкерлер андан буйтап өтүүнүн жолун издеп, тааныш-билиш салууга өтүп алат.

«Ички бизнесмендер кандай иш алып барышы керек? Бүгүнкү күндө баары тааныш-билиш менен иштерин бүтүрүп көнүп калган. Азыр документ иши болсо эле «таанышым бар» деп, чала бүтүрүп баштап алып, текшерүү келгенде качышат, даттанышат. Мен ишкер катары өз көзүм менен көрдүм, көпчүлүк ишкерлер иши баштап жатканда туура эмес баштап алышат. Алар кагаз иштерин толук бүтпөй туруп, тез иштеп кетүүнү, алга жылууну каалайт. Кагаздарын толук бүтүрөйүн десе, мамлекеттик органдарда бюрократия, тез бүтүрүп бере албайт. Биз «Мекендештер» форумунда сунуштаган элек, мамлекетте долбоордук институт болушу зарыл». 

Ишкер Тилек Токтогазиевдин айтымында, кандай гана инвестор болбосун, эң негизги принцип мүлкүтүн кол тийбестиги болушу керек.

«Ички инвестор болобу, сырткы инвестор болобу, эң негизги принцип мүлктүн кол тийбестиги болушу керек. Ушул принцип мамлекетте мыйзамдан да катуу иштеши керек. Кээде биз байкап калуудабыз, УКМК, бийлик базар экономикасында мүлктүн кол тийбестик принцибин бузууда. Мисалы, базардагы ижара акыны түшүрүү тууралуу айтты. Чынында ижараны базар аныктайт да. Ушул сыяктуу сөздөр инвестицияга терс таасирин тийгизет. Ооба, бул эл үчүн жакшы чечим, бирок базар экономикасынын негизги принциптерин бузуп коёт».

Ошондой эле Токтогазиев жайыт категориясында турган, бирок жайыт катары пайдаланылбай, кургак жаткан жерлерди жайыт категориясынан чыгарып, технопарк, индустриялык парктарды ачуу керектигин кошумчалады. Анткени ишкерлер завод-фабрика курууда техникаларын, ишкерлерди жайгаштыра турган орун жок. Жер сатып алуу кымбат болгондуктан, инфратүзүмдүк шарттарды да караштыруу керек.

Ноябрь айында өткөн «Мекендештер» форумунда өлкөгө инвестиция кылууда кепилдиктин жок экенин айтышкан.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиевдин айтымында, бүгүнкү күндө ишкерлерден жана инвесторлордон 21 даттануу келип түшкөн. Анын ичинде чет өлкөлүк жана кыргызстандык инвесторлор да бар.

«Бүгүнкү күндө инвесторлордон келген арыздарды кароо жана аларды колдоо тартиби кабыл алынгандан бери жалпы 21 түрдүү даттануулар келип түшкөн. Келип түшкөн даттануулардын баары даттануулар реестрине киргизилди. Алардын арасында сырттан келген жана ички инвесторлордун, ишкерлердин арыздары бар. Он даттануу боюнча тартипке жараша коргоо механизими колдонулган эмес, анткени соттук териштирүүлөр жүргөн. Соттук териштирүү жүргөндө биз ал жакка кийлигише албайбыз. Ал эми 11 даттануунун төртөөнө Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортомчулугу менен биринчи этапта 80 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү инвестицияны жана 400 жакын үнөмдөөгө мүмкүн болду». 

Буга чейин жогорку кызматтагы чиновниктердин атын колдонуп, чет өлкөлүк инвесторлордон акча талап кылып, аларды коркуткан учурлар аныкталган.

Ушул жылдын сентябрь айында президенттин атын колдонуп, инвесторлордон акча талап кылган жаран кармалган. Ал өзү бизнесмен экенин, жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы барын айтып, «керек болсо силерди жок кылам» деп коркутуп, инвесторлордон ири өлчөмдө акча талап кылган. Президенттин атын колдонгон адам тууралуу маалымат Садыр Жапаровго жеткен. Мамлекет башчысы териштирүү тапшырмасын берип, жыйынтыгында ал адам кармалып, камакка алынган. Андан ары тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болгон.

Exit mobile version