Марал Радиосу

Юрий Бобков: Кыргыз тилинен жалаң «4-5», орус тилинен «3» алчумун

Юрий Бабков

Кыргыз Республикасынын эл артисти Юрий Бобков «Маралдын» «Биздин мезгил» программасында балачагы, ата-энеси жана чыгармачылыктагы чыйыр жолу тууралуу кенен маек куруп берди.

— Балалыгыңыздын балдай таттуу мезгилин кайсыл жерде өткөрдүңүз эле?

— Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жарык дүйнөгө келгем. Үйдө онунчу, кенже баламын. Эң кичүүсү болсом да, эрке чоңойгон жокмун. Апам учкуч, атам көп кырдуу адис болчу. Ошого байланыштуу беш жашымда Бөкөнбаев айылына көчүп кеткенбиз. Бала бакчага да 5-6 жашымда бардым. Ошол учурда оюнчук аябай тартыш болчу. Дайыма алтынчы күнү эжейлер: «Бобковду карагыла,  дагы оюнчуктарды үйүнө көтөрүп кетет», — деп калышчу. Бирок ага да карабай, демалыш күндөрү алып кетип, кайра келгенде ала келчүмүн (күлүп).

— Мектепте классташтарыңыз бүт кыргыздар беле?

— 1-класстан 3-класска чейин орус улутундагы үч бала бар элек. Андан кийин өзүм эле калдым. Көпчүлүгү: «Кыргыз мектепти бүткөнсүңбү?» — деп сурашат. Орус мектептен эле окугам. Орус тилинен жат жазууну «үчкө» жазсам да, кыргыз тилинен жалаң «төрт-беш» алчумун. Анан көчөдө кыргыз балдар менен эле ойноп чоңойгом. Беш тапан, төр, ордо дегенден талашат элек. Эгерде бир сөздү билбей калсам, сөзсүз сурачумун. Азыр кыргыздардан эски сөздөрдү сурасаң, көпчүлүгү түшүнбөйт. Ошол эски сөздөргө кызыгуум жакшы болчу.

— Жогоруда мурдагы оюндарды айта кеттиңиз. Азыр бул оюндарды балдардын көбү билбейт. Кээде мурдагы учурга салыштырасызбы?

— Ооба, албетте көп болду мындай учурлар. Жаш кезимден музыка менен иштеп калып, ошол учурдагы The Beatles группасына чачыбызды окшоштургубуз келе берчү. Бирок мугалимдер дайыма чачыбызды алып салышчу. Ошондо аябай капа болуп, өзүмө «Жашым бир топко барып калганда жаштарга эмне жакса да, ал нерсени сындабайм» деген сөз бергем. Кээде балдарымдын смартфон менен болгон мамилесин көрүп, «Ушулар биздин убактагыдай кыймылдуу оюн ойносо», — деп ойлонуп калам.

— Бала кезде башка дагы кандай кесипти кыялдандыңыз эле?

— Бала кезден учкуч болом деген кыялым бар болчу. Бул да апамдын таасиринен болсо керек. 5-6-классыма чейин эле учкучтар тууралуу көркөм жана даректүү китептердин баарын окуп чыккам. Кээ бир китептерди эки-үч сыйрадан окугам. Кичинекей болсом да, өзүмө так максат койгом. Бир жолу көлгө кетип баратканда, трактор сүзүп кеткен. Ошондуктан ден соолугума байланыштуу учкуч боло албай калгам. Андан кийин апам гитара ойногонду үйрөттү. Чыгармачылыкка апамдын ырдаганы, бир нече аспаптарда ойногону түрткү болду окшойт.

— «Бала кезден эле китепти көп окудум» дедиңиз. Кыргыз чыгармаларынан «Сынган кылычты» бир нече ирет кайталап окуп чыкканыңызды угуп калдык…

— Ал китепти жети-сегиз жолу окуп чыккам. Менин өзгөчөлүгүм: китепти кино көргөндөй элестетип окуйм. Кийинчерээк спорт менен өтө жакшы алектендим. Спорттун түрү менен машыгып, анан албетте, сууда жакшы сүзөт элем. Бир жолу мектептин олимпиадасында спорттун үч түрүнөн биринчи орун алгам. 5-класстан баштап тоого мергенчиликке чыгып жүрдүм.

— «Иш-чаралар бизсиз өтпөйт эле» депсиз. Ошол учурдагы чыгармачылыгыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

— Ооба, ар бир иш-чарада үйлөмө аспаптарыбыз менен барып, СССРдин, Кыргыз ССРинин гимнин ойночубуз. Айрыкча сыйлык тапшырылганда бизди чакырышчу. Андан тышкары ал учурда эстрада жок болгону үчүн «балмаскарад» да биздин оркестрдин коштоосунда өтөр эле. Ошол учурда эле Бөкөнбаевде маска тагынбасаң, эч качан киргизбей коёт болчу. Кийин эстрада пайда болгондо ар бир майрамды музыкалык аспаптар менен коштоп, ал бүткөндөн кийин автоунаалардын үстүнө чыгып алып, концерт берип жүрдүк (күлүп).

— 7-8-класста болсоңуздар, музыкалык билим албасаңыздар, бул ишти кантип алдыга жылдырып кеттиңиздер?

— Баары бир үйлөмө оркестр боюнча ноталар эсибизде калган да. Кийинчерээк баарын эле жатка ойноп калганбыз. Жасалма электрикалык гитаранын үнүн биринчи укканда эстрададагы тагдырымды чечти десем болот. Андан кийин да канчалаган мыкты гитаралар чыты, бирок ал менин өзгөчө жакшы көргөн аспабым боюнча калды.

— Өзүңүздүн топту түзүүгө Чоро Кожомжаровдун тобу шык берген экен да… 

— Ооба, албетте. 8-9-класстарда окуп жүргөндө маркум Ильич Маратов «Чоро» тобунда урма аспаптарда ойноп калган. Биринчилерден болуп алты кылдуу гитарада ойноп, барабан үйрөтүп жүрдүм. Алар менен чогуу концерттерге чыгып калдык. Бул кишилер жөнүндө канча жылдан бери ойлонуп жүргөм. Чоро Кожомжаров эстраданын алгачкы карлыгачы, болгондо да мыкты ансамблди түптөп чыккан десек болот. Бирок көмүскөдө эле калып калышты. Кээде убакыт жок болсо, анча-мынчада тыйын-тыпыр болбой жүрдү. Кожомжаров тууралуу тегерек стол өткөрүүгө оюм бар болчу. Жакында эле уюштуруп, ал жактан 12 киши келди. Бири-бирин көрүп ыйлашып, «Телекөрсөтүүлөргө келсек, неге чыгарышпайт?» — дешти. Буга чейин жолугуп эле жүргөнбүз, бирок «Оюмдагыны кылуу колумдан келеби?» — деп жүргөм. Алдыда «Наристе», «Достор» деген ансамблдерди да тартуу оюбузда бар.

— «Ата-эненин кадырын балалуу болгондо билесиң» дейт го. Азыр эмнелерди түшүнүп, сезип жатасыз?

— Ата-энемдин алдында өзүмдү күнөөлүү сезем. Мектепте окуганда тентектигимдин айынан апамды көп чакырышчу. Бирок «Бул нерселер жөн эле шылтоо го?» — деп коём. Себеби ар бир эле адамга ата-эненин көзү өтүп кеткенден кийин түйшүк түшөт экен. Үй-бүлөдө эң кичинеси болгонум үчүн шарт аябай жакшы түзүлдү. Ошол учурда «Досум Үсөн» тобу менен Орто Азиядан биринчи орунду алганда «Кезек күттүрбөй туруп, үч бөлмөлүү квартира беребиз», — дешкен. Мындай сунуш бир эмес, эки-үч ирет түштү. «Ата-энемдин кенже баласымын, аларды багып, карашым керек», — деп баарынан баш тарттым. Атам үч согушка катышкан, апам бир туугандары менен бомбанын астында калган. Ошондой оор мезгилдерди башынан өткөрсө да, бизге эч нерсе болбогондой мээрим төгүп чоңойтушту. Азыр ата-энесин карап жаткан балдар болсо, аларды көзү тирүүсүндө барктап калсын дейт элем.

— Бир маегиңизден жети атаңызды сүрүштүрүп койгонуңузду окуп калдык. Бул процесс кандай болгон?

— Ал нерсе ушул убакка чейинки ичимдеги өкүнүчүм болчу. Атамды көрдүм, чоң атамды көрбөй калдым. Себеби биз ошолор менен тарбияланабыз. Ошол үчүн дайыма «Жети атаңды билесиңби?» деген суроону берип жүрөм. Байкем да, баласы да дүйнөдөн өтүп кетишти. Экөө тең аябай билимдүү, акылдуу адамдар эле. Бир жолу ошол баласы биздин үйгө келип, «Сизге белек алып келдик», — деп калды. Алтын жалатылган саат экен. Алгач көңүл бурган эмесмин. Анан иним: «Ичинде жазылганды окусаңыз», — дегенинен карасам, аты-жөнүм жазылып, 1861-жылдан берки аталарыбызды изилдеп чыгыптыр. Көпчүлүгү генерал наамын алган адамдар болгон экен.

Муну кийин мен да далилдеп, ата-энем көзгө көрүнгөн адамдар болгону үчүн армиядан бошотуп коюшканына карабай, аскердик кызматымды өтөп келгем. СССР доорунан бери ушул кезге дейре көптөгөн чоң сыйлыктарды алып, сый-урматка ээ болдум. «Ошол аскердеги эки жылдык кызмат убагында эң туура жашоону жашапмын», — деп коём. Ал кезде комиссиядан өтпөй калсаң, эң уят нерсе болгон. Балдар колун сурап келгенде, кыздар: «Аскерге барыптырбы?» — деген суроону беришчү (күлүп).

— «Досум Үсөн» деген топту жетектеп чыктыңыз. Ошол учурларды айтып берсеңиз?

— Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институту ачылганына аз эле убакыт болду. Ошол учурда аспаптар менен ойногон адамдарды бүт кыдырып издейт болчу. Биздин музыкалык мектепке келип, аспаптар менен ойногонубузду көрүп эле чалкасынан кетишкен. Ошондо мектепте 10-класста окуп жатканда эле «силер өттүңөр» деп алышкан. Анан «Кызыл гүл» деп аталып калдык. Ал учурда Үсөн келди. Бизден беш-алты жаш улуу болчу. Ал адам жөнүндө айта берсек сөз бүтпөйт. Биринчи байке десек, кийинчерээк Үсөн деп эле айтып калганбыз. Ошол учурда колхоздун башкармасы Ишен Тойчубеков болчу. Ал: «Институттан кийин деле окуй бересиңер, андан көрө колхоздо калгыла. Мен силерге мыкты аппаратура алып берейин», — деп сунуштады. Бизге өзүнчө унаа берип, ага курулушка керектүү буюмдарды салып алып, мал баккан жерлерди, имараттарды оңдочубуз. Кечинде клубга кечикпей келип, үч чоң немис гитарасы менен концерт койчубуз.

Андан тышкары СССРдеги эң көп окулган гезитке биз тууралуу макала жазылып, чоң кароо-сынактарга катышып турганбыз. Ал кезде театрлар укмуш болуп, ошолордун кароо-сынагына катышып, «Досум Үсөн» тобундагылар баарыбыз «Апендинин жоруктары» спектаклин коюп, экинчи орун алганбыз. Ачыгын айтканда, Үсөндөн көп нерсени үйрөндүм. Ал келген учурда жетекчи элем. Анан балдар менен «Мен музыкалык жетекчи болоюн, Үсөн көркөм жетекчи болсун», — деп макулдаштык. Аябай сыйлайт элек. Бирок кээ бир адамдар негедир башкача көз менен карашчу. Тилекке каршы, жол кырсыгынан каза болуп калды.

Атыбызды «Досум Үсөн» деп койгондо Компартиянын Ысык-Көл облустук комитети эч нерсе деген эмес. Анан бир кароо-сынакта үчүнчү орунду алгандан кийин мени чакырышып, «Бул адам баатыр же белгилүү адам болбосо, гезиттерден, теле-радиолордон кетет, атыңарды өзгөрткүлө!» — деди. Азыр бул нерсе кызыктай көрүнөт болушу керек. Мен да өзүмдүкүн бербей, «Бул биз үчүн баатыр, ушул адам түптөп чыкты», — деп туруп алдым. Кудайдан болуп, ошол маалда чоң съемкага чакырып калышты. Бирөө келип, «Сени Бактыбек Мамытов: «Кыргызча маек бере алат бекен?» — деп издеп жүрөт», — деди. Маркум Бактыбек Мамытов ал кезде дүңгүрөп турган алып баруучу болчу. Ошондон аз убакыттан кийин жолугуп калдык. Мен: «Сурооңорго жоп берейин, акырында «Эмнеге «Досум Үсөн» болуп калдыңар эле?» деген суроону да берип коюңуз», — дедим. Бул нерсе теледен чыкса, мыйзам чегинде болуп калат деп ойлогом (күлүп). Ал да: «Ооба, ушул суроону мен да берейин деп жаткам», — деп калды. Ал кезде адамдар программаны эки жума мурун эле карап көрүп, даярданып турушчу. Ошол боюнча бул атты өзүндөй сактап калдык.

— Кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон «Ырдайлы кыргыз ырларын» долбоору качан түптөлгөн? 

— Ага чейин фестивалдар менен көп иштешип калдым. Анын көпчүлүгү жемиштүү болду десем болот. Маркум эл жазуучусу Казат Акматов жолугуп, «Көптөн бери сыртыңдан байкап жүрөм, фестиваль уюштуралы. Менин оюм, сенин тажырыйбаң бар», — деп калды. Ал учурда бир фестивалымды тартып алышканы үчүн таарынып жүргөм. Анан Ысык-Көлгө кетип калдым. Ал жактан келсем ал киши дале оюнан кайтпаптыр. Долбоордун идеясы Казат Акматовдуку, уюштуруучусу мен.  2000-жылы тегерек стол уюштуруп, идеяларын айтып, «жетекчиси Бобков болот» деп мени көрсөтүп койгон. Биринчи чыкканда башкача дем менен чыккан. Ар улуттун өкүлдөрүн чогултуп, бир нече убакыт өткөндөн кийин алардын кучакташып көрүшүп, жылуу мамиледе болгонун байкап калдым. Анан өзүм ичимден башкача болорун түшүндүм. Андан бери 23 жыл өттү. «Ырдайлы кыргыз ырларын», «Досум Үсөн» дагы эле жүрөктөрдө сакталып жүрөт. Жакын арада концертин да өткөрүп алдык. Ошондо сахнага чыкканымда эл тура калып кол чабышты. Ден соолугума байланыштуу канча жолу оор нерселерди өткөрсөм да, элдин батасы менен жүрөм деп ойлойм. Кыргыз элиме аябай ыраазымын.

— Маегиңиз үчүн чоң ырахмат! 

Exit mobile version