Марал Радиосу

Баткенде жашы жете электерге нике кыюуга шектелген имам-хатиб камалды

Лейлек районунда жашы жете электерге нике кыюуга шектелген имам-хатиб камакка алынды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Лейлек райондук ички иштер бөлүмү диний ырым-жырымдарды мыйзам чегинде колдонуу боюнча атайын текшерүү жүргүзгөн. Анын негизинде айрым молдолордун мыйзамдагы жоопкерчиликти сактабай, жашы жете электерге да нике кыйып жүргөнү аныкталган.

Бул факты Лейлек РИИБдин бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси менен катталып, сотко чейинки иликтөө башталган.

Натыйжада өспүрүмдөргө нике кыйган үч факты такталган. Алардын бири 63 жаштагы имам-хатиб М.М.нын октябрь айында нике кыйганы далилденип, камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version