Марал Радиосу

Аламүдүн районунда дагы бир лыжа база ачылды

Аламүдүн районунун Кашка-Суу аймагында «Кашкулак» аттуу лыжа база ачылды. Бул тууралуу Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Базанын ачылыш салтанаты 23-декабрда өтүп, ага президенттин кеңешчиси Жаныбек Кубандыков, Чүй облусунун жетекчиси Канат Жумагазиев баштаган бир катар өкүлдөр катышкан.

Маалым болгондой, лыжа базаны Сергей Якиманский негиздеп, 5 миллион доллардын тегерегинде инвестиция салган. Учурда дагы 160 миллион долларга «Тихая бухта» деп аталган ири долбоорду жарыялаган. Аны менен катар 2,6 км асма жол, анын ичинде балдар үчүн өзүнчө асма жол жана лыжа мектебин ачуу пландалууда.

«Кашкулак» лыжа базасы үчүн 105 гектар жайыт ижарага алынган. Узуну 950 метр келген кабелдик линия курулган. Эки лыжа трассасы салынып, биринин узундугу 1600 метрди, биринин узундугу 1550 метрди түзөт. База саатына 2 миң адамды тейлөөгө ылайыкташкан. Түнкүсүн да лыжа тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Exit mobile version