Бүгүн, 25-декабрда «Чек талап кылып, байге утуп ал» лотореяларын ойнотуу башталганын Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
Байгелерди ойнотуу 30-декабрга чейин уланып, күн сайын саат 13:00дөн тарта Мамлекеттик салык кызматынын «Фейсбук» баракчасында жана Ютуб каналында, ошондой эле УТРКнын «Ала-Тоо-24» каналында түз алып көрсөтүлөт.
«Салык чектин» бул жолку байгелерине 521 даана iPhone14, 519 даана смартфон, 158 даана ноутбук, «Дайсон» маркасындагы 21 фен коюлган.
Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин, чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.