Марал Радиосу

24-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

24-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз +9…+14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-12, күндүз -6…-1.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.