Марал Радиосу

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жетекчи дайындалды

Мырзабек Жыпаркулов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мырзабек Жыпаркулов буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген. 2020-жылы Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директору болгон. Андан кийин ал өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси болуп иштеген.

Exit mobile version