21-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +7…+9 градус жылуу болот.