Марал Радиосу

Тууну өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору ЖК комитетинде экинчи окууда каралат

Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде экинчи окууга каралат.

Мыйзам долбоору комитеттин 19-декабрдагы жыйынынын күн тартибине киргизилди.

Ушул эле комитет 28-ноябрдагы отурумунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдогон.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов. 

Эмилбек Каптагаев менен тууну өзгөртүү, өлкөдөгү митингдер, аксакалдар институту ж.б тууралуу маек

Exit mobile version