Эртең, 18-декабрда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 жылуу болот.
Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10 градус жылуу.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2ден +3кө чейин жылуу болот.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндуз -4…-9 суук, бийик тоолуу райондорунда суук -21…-26 болсо, күндүз -4…-9 болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз 5…7° жылуу. Туман түшүүсү мүмкүн.