Марал Радиосу

Путиндин президенттикке талапкерлиги расмий көрсөтүлдү

Москва  шаарындагы «Зарядие» концерт залында болуп өткөн жыйында шайлоочулардын демилгечилер тобу Орусиядагы президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары учурдагы президент Владимир Путиндин талапкерлигин колдоп, кубаттады.

Тийиштүү чечим бир добуштан кабыл алынды. Путинди талапкер катары көрсөткөн топто Андрей Турчак, Артём Жога, Татяна Навка, Жефф Монсон, Владимир Машков, Ярослав Дронов, Сергей Карякин, Валерий Гергиев, Константин Ярошенко сыяктуу Орусияда белгилүү жарандар бар.

Бул жыйындын баяндамасы Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилип,  демилгечилер тобу каттоодон өткөн соң, Путиндин тарапташтары кол топтоо иштерин баштай берсе болот.

Орусиянын учурдагы президенти Владимир Путин 8-декабрь күнү бешинчи жолу президенттикке талапкерлигин кое турганын жарыялаган.

Орусияда президенттик шайлоо 2024-жылы 15-17-март күндөрү болуп өтөт.

Exit mobile version