Марал Радиосу

Сокулук, Ысык-Ата районунун айрым конуштары Бишкек шаарына кошулат

2024-жылы Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата районунун айрым конуштары Бишкек шаарына кошулат. Бул тууралуу Элдик Курултайда президент Садыр Жапаров билдирди.

Президенттин айтымында, Бишкек 2 миллион адамга ылайыкташкан шаарга айланат. Бирок кайсы конуштар экени так айтылган эмес.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында төрт район бар. Буга чейин да Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ала-Тоо конуштарынын айрым бөлүктөрү Сокулук районунун карамагынан чыгарылып, Бишкек шаарына кошуу демилгеси көтөрүлүп келген.