Марал Радиосу

Бишкекте экинчи Элдик курултай башталды

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай башталды.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700дөй делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Президент «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» ушул жылдын 29-августунда жарлыкка кол койгон. Биринчи Элдик курултай былтыр 25-26-ноябрда өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.