Марал Радиосу

Каптагаев: Аксакалдарды уккан наркыбыз системдүү түрдө бузулуп келе жатат

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, саясатчы Эмил Каптагаев Марал радиосунун “Баарын сүйлөшөбүз” программасында тууну өзгөртүү, өлкөдөгү митингдер, аксакалдар институту ж.б. тууралуу кенен маек куруп берди.

— Агай, сиз менен маекти азыркы тапта Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда актуалдуу болуп жаткан маселелер тууралуу баштасак. Мамлекеттик тууну өзгөртүү кызуу талкууланып жатат. Көпчүлүк сурамжылоолордо тууну өзгөртүүгө каршы болгондор көп болуууда. Бирок ошого карабай өзгөртүү аракети эмнеден кабар берет? Демилгечилердин айткан аргументтери сизди ынандырдыбы?

— Муну демилге кылгандар тарабынан “силер жакта күн карама өсөбү?” деп сурап койгон үчүн бул маселе көтөрүлүп баштады. Ошону мынчалыка жеткирбей эле түшүндүрүп, чечип койсо болот эле. Эгемендүүлүктө туунун мааниси, баалуулугу, дөөлөтү жана сыйкыры жатат. Тууга болгон мамиле дүйнө жүзүндө калыптанган  нерсе. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаал учурунда аскер бөлүкчөсү тууну коргой албай калса, анда таркатылат. Ал эми кайсы бир согушта 10-15 миң аскерден 50-60 аскер калып, ошол жерден туусун көтөрүп аман чыкса, ошол аскер бөлүкчөсү толукталып чыгат. Борбордук аянтта Улуттук гвардиянын аскерлери тууну кайтарып турат. Бул аны бирөөлөр уурдап кетет деген маааниге жатпайт. Өлкөнүн мамлекетүүлүк символуна карата сый-урматты түшүндүрөт. 1991-жылы эгемендүүлүктү алып, аны менен катар мамлекеттик символдорду кабылдап, бири-бири менен ажырагыс кылып койгонбуз. Мына ушул нерсеге жоопкерчиликсиз карап, өкмөттөгүлөр түшүнгүсү келбей жатат. Азыркы коомдо болуп жаткан нерселер “тууну бир чүпүрөк сыяктуу эле алмаштырып койсо болот” деген түшүнүктү салып коюп жатат. А өздөрү сунуштаган нерсе «күн карама» дегенден да жаман салыштыруулар менен коомдо сындалып жатат. “Туулбай жатып тунду” дегендей эле болуп калды. Бул тууну кандай кылып кабыл алса да келечеги жок бойдон калат.

— “Тууну алмаштырууга акча кетет” деп тынчсыздануусун билдирге айрым депутаттарга ЖКнын төрагасы тарабынан “айрым демөөрчүлөр тарабынан каржыланат” деген жооп болду. Бул нерсе эле коомчулукта ар кандай пикирдин жаралуусуна түрткү берди. Бир нерсе жакпаса демөөрчү келип эле алмаштырып кое берсе болобу?

— Акыркы убакта ушул нерсе калыптанып калды да. Мамлекеттик бийликте аты жок демөөрчү болбошу керек. Жардам берсе да ал адамдын аты-жөнү, жардам берген себеби так айтылышы зарыл. Бул ачык эле саясий коррупция болуп эсептелет.

— Жаңы туу, жаңы ак үй деген нерселер менен президентти ынандырышы мүмкүн деп жатышпайбы, чындап эле кыргыз саясатында ушундай “жакшылыкка ырымдадык” деген түшүнүктөр жардам береби? Негизи эле бул тенденция кыргыз саясатында мурдатан эле барбы?

— Кыргыздын салтында ырым-жырымга ишенүү деген нерсе калыптанып калган. Бул кыргыздын жашоосунда болуп келген, азыркы учурда да болуп жатат. Ал эми саясий маселеде мындай ырым болушу мүмкүн эмес. Биз каныбызга сиңген ырымчылдыгыбыз менен болгон нерсени таңуулап жатышыбыз мүмкүн. Коомчулуктун пикирине, көз-карашына көңүл бурбай “жасайм дегенди жасайм” деп, сүйрөп бараткандары чынында ар кандай суроону жаратат.

— Сиздин жеке баамыңызда бул талкуунун аягы кандай болуп бүтүшү мүмкүн? Парламент колдоп берген күндө да, президент вето коюшу мүмкүнбү? Президент ал мыйзамды артка кайтаруу үчүн, анын тегерегиндегилер ага элдин ой-мүдөөсүн жеткиришеби?

-“Социалдык тармактарды карап, баарынын пикирин окуп жатам” деп билдирүүлөрдү чыгарып жатат. Бул жерде коомдун пикирин билип, көрүп эле турат. Президенттин эки жыл мурдагы туу жөнүндө сүйлөгөн сөзү социалдык тармактарда кеңири тарап жаткан учуру. “Бул туу эгемендик менен келген туу, биз үчүн ыйык болуп калды” деп айтыптыр. Менин жеке оюм боюнча, ошол ойду карманып эле, эл арасында “айта берет, анан кайта берет” деп айттырбаш керек.  Кыргызда “хандын сөзү эки болбойт” деп бекеринен айтылган эмес. Ушул принципке салып туруп, президент тууну өзгөртүү боюнча талкууга чекит коюп койсо болот. Албетте бул менин жеке пикирим.

-Туу темасы башталгандан бери эле, социалдык тармактарда “аксакалдар айтпайбы? Аттуу-баштуулар президентке жеткирбейби” деген сөздөр айтылып келет. Мындан улам, кыргыз коому үчүн ушундай маселелерде Аксакалдар институтуна муктаждык сезилип калууда. Ошондой калыс боло алган аксакалдар барбы азыр биздин коомдо? Анан аларды эл же бийлик угабы?

— Азыр айта турган сөзүңдү айтуу жолдору кеңейди. Социалдык баракчаларга жазсаң миндеген адамдар окуйт жана белгилүү бир кызматта отурган адамдардын басма сөз кызматчылары да ал пикирди көрүп калса, жетекчисине жеткирет. Кептин баары ошол пикирлерди эске алуу мезханизми бар же жок экендигинде. Эгер эске алуу бар болсо, коом же ошол нерсени айткан адам менен кайтарым байланыш жүрүшү керек. Андан тышкары, коомдогу нарктын бузулганы азыр эле эмес, көптөгөн убакыттан бери системалуу түрдө бузулуп келе жатат. Мурда болуп келген “эл эмне дейт?”, “уруубузду, үй бүлөбүздү уят кылба!” деген түшүнүктөр акырындан жок болуп кетип жатат. “Ар ким өзүнүн ыңгайына жараша жашаш керек да” деп жашап калышты. Коомдогу шартка байланыштуу аксакалдардын үнү угулбай эле калган. Мен көбүнчө аймактарда иштегенмин. Азыр мурункудай чогулуш болгон жерлерге өзүнүн кадырын билген аксакалдар келишпейт. Себеби бир оюн айтайын десе сүйлөтпөйт. Андай жерге үйгө батпаган же элге батпаган бирөөлөр келип алып, улуу муунду күнөөлөп баштайт. Алардын ордуна туулган жылына карап, «баланчанчы жылы туулгандар ынтымагы» деген топтор пайда болду. Азыр көп учурда коомдук, саясий маселелерде алардын үнү өктөм. Муну парламенттик, президенттик шайлоолордо деле көрүп калдык. Ошол үчүн Аксакалдар кеңеши, Октябрь революциясына чейинки “Эл жакшылар институту” деген жок. Биз коомдо социалдык баракчаларда айтканыбыз менен мамлекет тарабынан бир механизм иштелип чыкпаса кургак сөз боюнча калып кете берет. Бул жерде мамлекет тарабынан олуттуу программа иштелип чыгып, каржы жагы чечилип, аймактык деңгээлдерге жараша иштер бөлүнүп берилиши керек.

— Жакында Элдик Курултай болгону жатат, былтыр алгачкысы өткөн. Мына ушунда туу, ККМ темалары көтөрүлүп, элдик курултай элдин көйгөйлөрүн чечип бере аларына ишенесизби? Негизи эле бир жылда бир келип көйгөйлөрдү айтуу форматы канчалык туура?

— Бул Элдик Курултайдын азыркы жыйналышы, анда айтылып жаткан сөздөрдү эске алганда “элдин үнү” деп айта албайбыз. Ошол элдин ичиндеги кайсы бир катмардын гана үнү деп айтсак болот. Ар бир аймак өзүнүн жашоо шартына жараша ар кандай көйгөйлөрдү айтышты. Жылдызкан Жолдошова баш болгон бир-эки киши курултайды ачып койду. Эгер ошол кишилер катышпаганда курултай болгонун эч ким билбей калышы да мүмкүн эле. Азыркы курултайдын түзүлүшү өзгөрүп, жер-жерлерге делегацияларды жөнөтүп жатышат. Алардын алган багытына жараша курултайдын деңгээлин көрөбүз.

-ККМ темасы июлга чейин узартылды. Президент барып «ишкерлер менен жолугуп карап чыгабыз» деди. Ал эми базарлардагы нааразычылык акциялардын өтүп жатканын өкмөт башчы “үчүнчү күчтөр пайдаланып жатат” деп айтып чыкты. Чын эле үчүнчү күчтөр кылдыбы жана бул кандай чечилет сиздин баамыңызда? Чындап эле ККМ бизге туура келбейби же коом даяр элеби?

— Мен үчүнчү күч дегенге негизи эле ишенбейм. Бирок негизин алганда эсеп-кысап так, ККМ кирип, соода-сатык жана ишкерлик бир калыпка түшүшү керек. Мындан 20 жыл мурда чет өлкөлүк бир ишкер мага “силер эч качан өнүкпөйсүңөр, бул акыбалыңар менен” деп айткан болчу. Эмнеге дегенимде “силердин эл салык төлөгүсү келбейт. Бирок эң кызыгы мамлекет салык чогулткусу келбейт экен” деп айтканы бар. Мына азыр өкмөт жыйнагысы келип жатат. Бул нерсени кубаттап, колдош керек. Муну мен ишкер болбогонум үчүн бир тараптуу карап чыктым. Ошондуктан ишкерлер тарабынан карай турган болсок ККМ орнотуу механизмин орнотуп, практика жүзүнө келгенде чар жайыттык бар. Себеби президенттин айтканы бир түшүнүк, өкмөттүн айтканы экинчи түшүнүк жана салыкчылардын айтканы башка бир түшүнүк болуп кетти. Ошол үчүн ортодо түшүнбөстүктөр көп болуп жатат. Эми муну жипке тизгендей ирети менен эле киргизип баштаса акырына чейин чыгат. Бул жерде кичинекей товар менен иш кылып жаткан ишкерлерге анчалык таасири жок. Буга дүңүнөн соода кылып, бажыдан өткөрүп, аны кайра майдалап соода кылган чоң соодагерлерге таасирин тийгизиши мүмкүн.

— Бирок президент алты айга бул маселени жылдырып “буга биздин салык кызматы даяр эмес экен” деп айтып чыкты. Бул жерде ким жоопкерчилик тартышы керек?

— Мен муну ачык эле айтайын, салык кызматы системдүү түргө киргизгиси келбегени деп түшүнсө болот. Президент муну өтө жумшак кылып айтып койду. Эгер Садыр Жапаров “мен бүгүн билдим, Салык кызматы бул нерсеге каршы экен” деп айтса так болмок. Салык түзүмүнүн жетекчилери бүт жоопко тартылышы керек. Анткени өлкөнү жана өлкө башчысыны ыңгайсыз абалга келтирип жатат. Ал эми даяр эмес деген жөн гана шылтоо, себеби эки жылдан бери кайра-кайра айтылып келе жатат.

-Үчүнчү күчтөр демекчи, өлкөдө оппозиция барбы? Негизи эле оппозиция болушу керекпи?

— Бир тарапта оппозиция сөзсүз түрдө болот. Ар бир маселеде оппозиция жарала берет. Муну көтөрүлүп жаткан ар бир маселеде  көрүп жатабыз. Ошол эле туу, ККМ ж.б. Бирок элдин кыжырына тийген маселелерди системалуу түрдө алып чыгып, саясий жактан көтөрүп чыга турган системдүү оппозиция азыркы учурда жок.

-Кыргызстан эгемендүүлүк алганда жаштар саясаты багытында да иштегениңиз айтылат. Азыр өлкөдө жаштар саясатына кандай көңүл бурулуп жатат? Азыркы жаш саясатчылардын сиз байкаган артыкчылыктары жана кемчиликтери эмнеде?

— Негизи жаштар саясаты деген оор маселе. Себеби жаштар саясаты маселеси боюнча иштешип калдым. Ар кандай тармакта болгон үчүн, бириктире албайсың. Биринчиден, бул жаатта баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек. Экинчиден, жаштардын демилгесин колдой турган механизмдерди куруу зарыл. Эң маанилүүсү коомдо жаштардын эркин сындырып, мизин кайтара турган кырдаал жаралбашы. Кандайдыр бир деңгээлде сөз эркиндиги, саясий эркиндик берилсин. Аларга “митинге чыгып койдуң”, “мындай сөз айтып койдуң” деп эле кыса берсек, бир күн атылып чыгышат. Азыркы учурда жаш саясатчылардан мындай нерсени байкаган жокмун, бирок Кемпир-Абад маселеси боюнча өз позициясын айтып чыккан жаштарды байкадым. Андан тышкары, көпчүлүк шыктуу, демдүү жаштардын арасында “Кыргызстандын келечеги жок” деп чет өлкөгө чыгып кетип жатат. Бул турмуш чындыгы. Муну кейип-кепчип, кандайдыр бир чакырык таштап жое албайбыз. Ал эми мунун акыбети кандай болот, жооп бериш кыйын.

— Маегиңизге чоң ырахмат!

Эмилбек Каптагаев менен тууну өзгөртүү, өлкөдөгү митингдер, аксакалдар институту ж.б тууралуу маек

Exit mobile version