Марал Радиосу

Бардык мектептер аптанын аягына чейин онлайн окуйт

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдары 13-15-декабрь күндөрү онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин аралыктан окутуу эки күн жүргүзүлөрү маалымдалган.

Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери онлайн билим берүү технологияларын, видео-сабактарды, электрондук ресурстарды жана платформаларды пайдалануу менен окуу процессин онлайн уюштурууга милдеттүү.