Марал Радиосу

Азиз Мурадилаевди эскерүү иш-чарасы өтөт

17-декабрда Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевди эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты.

Азиз Мурадилаев 2022-жылы 17-декабрда 44 жаш курагында оорудан улам көз жумду.

Ал 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келген.

Азиз Мурадиллаев: Мен театрда «төрөлгөм»