Марал Радиосу

Бишкек-Ош унаа жолундагы чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолундагы «Арал», «Сосновка» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөөлөр алынды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

12-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгонуна байланыштуу Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.

Транспорт министрлиги учурда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүп жатканын кабарлады.