Марал Радиосу

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 60 адам эвакуацияланды

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы А.Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, таңкы саат 6:14тө жана 6:35те өрттү өчүрүүгө эки күжүрмөн эсеп, буга кошумча саат 6:36да Ленин районунан дагы бир күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.

Өрт кырсыгы саат 7:32де чектелип, саат 8де толук өчүрүлгөн. Анын кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки подъездеги электр калкандары күйүп кеткен.

Куткаруучулар өрт болгон аймактан болжол менен 60 адамды эвакуациялашкан. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда  чыгымдары такталууда.