Марал Радиосу

Депутат Бишкектин көчөлөрү кардан тазаланбаганын сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Бишкектин көчөлөрү кардан тазаланбаганын айтты. Ал парламенттин 13-декабрдагы жыйынында Бишкектин «Тазалык» ишканасынын жетекчисин «блогер» деп сындады.

«Канча күндөн бери кар жаап жатат, эртең менен бир дагы көчө кардан тазаланбаганын көрдүк. Бир гана «Манас» проспектисине туз себимиш этиптир, калган көчөлөр тазаланган эмес. Ал «Тазалыктын» жетекчиси эмес эле блогер болуп алыптыр, иши менен көрсөтпөйбү. Бүгүн да көчөлөр тазаланбаптыр» , — деди депутат.

Социалдык тармактын колдонуучулары да кар жааган күндөрү Бишкектин бир топ көчөсүндө жолдор кардан тазаланбаганын айтып жатышат.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы кечээ линияда 36 атайын унаа иштегенин, алардын ичинен МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 бирдик фронталдык жүктөгүч, 4 щетка жана күрөк менен Беларусь трактору, 4 «УКМ-2500» универсалдуу коммуналдык унаа иштегенин билдирген. Ишкананын 18 кызматкери тартылып, 382 тонна техникалык туз колдонулган.