Марал Радиосу

Бишкек: Каттамга 100дөн ашык троллейбус, 800дөй автобус чыкты

Бишкек шаарынын мэриясы аба ырайынын катаал шартына байланыштуу жеке автоунаа ээлерин коомдук транспортту колдонууга чакырат. Бул жол тыгындарын жана кырсыктарды болтурбоого багытталган сунуш экени айтылат.

Борбордо коомдук транспорт таңкы саат 5:00дөн түнкү 23:30га чейин иштейт.

Бүгүн каттамга 114 троллейбус, 396 автобус, дагы бир муниципалдык ишканага караштуу 276 автобус, «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы тарабынан 110 жеке автобус жана «Аламүдүн Авто Транс» ишканасынын 5 автобусу чыкты.

Мындан тышкары, шаар боюнча 634 кичиавтобус иштейт. Зарыл болгон учурда линияга дагы кошумча автобустар жана троллейбустар чыгарылат.