Марал Радиосу

Садыр Жапаров Баткен облусун кыдырат

Президент Садыр Жапаров 11-12-декабрда Баткен облусун кыдырат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жапаров бир катар жаңы объектилердин ачылышына катышып, аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.