Марал Радиосу

Путин президенттик шайлоого талапкер боло турганын жарыялады

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коет. Бул тууралуу Путин 8-декабрда жарыялады.

Орусия президенти Кремлде Орусия Федерациясына эмгеги сиңген, өлкөнүн Баатырларын кабыл алып, жаңы сыйлыктарды тапшырды. Алар менен пикир алмашуу учурунда Путинге «Сиз алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигиңизди коесузбу?» деген суроого «Башкача болушу мүмкүн эмес, талапкерлигимди коем», — деп жооп берген.

Ал мындай ниетин азыркы таптагы кырдаалга байланыштуу деп түшүндүргөн.

Путиндин талапкер болушун Москванын мэри Сергей Собянин да колдоп, «чыныгы лидер ушундай эле кылмак», — деп билдирди.

Ал эми Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Путиндин шайлоого катышуу боюнча билдирүүсү алдын ала даярдалбаганын, өлкө президенти суроого жооп берип жатып билдиргенин айтты.