Марал Радиосу

Кыргызстанда 8 миңден ашуун айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Кыргызстанда акыркы сегиз айдын ичинде 8,3 миңден ашуун айдоочу мас абалында автоунаа башкарганы үчүн айдоо укугунан ажыратылды.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тарта жол эрежесин одоно бузгандарга карата жоопкерчилик күчөтүлгөн. Анын ичинде мас абалында унаа башкаргандар бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратыла баштаган.

Мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 15 пайызга, ал эми мас абалында жол кырсыктарына кабылган айдоочулардын саны 26 пайызга кыскарган.