Марал Радиосу

Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев желекти өзгөртүү боюнча комментарий берди

Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев желекти өзгөртүү тууралуу пикирин «Маралга» билдирди. Анын айтымында, авторлор автордук укуктан ажырабаш керек.

«Албетте, туу бул — Кыргызстандын тарыхы. Легендарлуу парламенттин учурунда, үлкөн, интеллигенция өкүлдөрү, чоң сүрөтчүлөрдүн катышуусунда, коомдо кеңири талкууланып кабыл алынган. Биз аны кылымдап санаган Эгемендүүлүктүн символу катары кабыл алабыз. Меним оюнча, ал биздин тарых, биздин аң сезим менен бекем чирелишип калган.

Авторлор автор бойдон калуусу керек деп эсептейм. Себеби аларга тууну кабыл алууга кошкон салымы үчүн «Кыргыз эл сүрөтчүсү» деген наам ыйгарылган».

Быйыл сентябрда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар Нурланбек Шакиев менен Улан Примов сунуштап, коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунда туудагы күн нурларынын формасын өзгөртүү демилгеленген.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө»мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушуна каршы эмес экенин айткан.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.