Марал Радиосу

Оштогу үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы бейтаптардан акча алууга шектелүүдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарындагы №4 үй-бүлөлүк медицина борборунда системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталганын кабарлады.

№4 үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Н.Ж.А. медициналык жардам сурап кайрылган жарандардан системалуу түрдө акча талап кылып жүрүүгө шек саналды. Ошондой эле, тиешелүү медициналык кызматтарды алуу учурунда, маалымкаттарды берүү учурунда жасалма тоскоолдуктарды жаратып, бейтаптардан опузалап акча талап кылып келгени айтылды.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде кармлаган адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.