Марал Радиосу

Президент Жапаров «Дордойдогу» соодагерлер менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров «Дордой» базарында соодагерлер менен жолугушууга барды.

Ишкерлер бир канча күндөн бери ККМ аппараттарына каршы нааразычылык акциясын өткөрүүдө.

Салык кызматы жаңы жылдан тарта «Дордой» жана «Кара-Суу» базарында патент менен иштөө токтотулуп, өзгөчө салык режими киргизилерин билдирген.

ККМге каршы нааразылык акциялары өлкө боюнча өтүүдө.