Кыргызгидромет билдиргендей, 5-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18,
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз +4…+9.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.