Кыргызстанда төрөлүүнү жана өлүмдү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор кайра жанданды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Максаты, мамлекеттик каттоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү көбүрөөк камсыз кылуу жана мамлекет менен жарандардын ортосунда туруктуу санариптик алаканы түзүү болуп саналат.
Бул пилоттук долбоор буга чейин 2022-жылдын 3- октябрынан 2023-жылдын 3-октябрына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймактарында ишке ашырылды.
Анын алкагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу келип түшкөн арыздардын негизинде 86 баланын туулгандыгы мамлекеттик катттоого алынып, анын ичинен 32си үйүнө жеткирилген.