Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады. Жапаров белгилегендей, дүйнө өзгөрүп, дүрбөлөңдүү чакырыктар жаңырып турган маалда дүйнө элдери тарыхы менен өтмүшүнө кайрадан баш багып, өнүгүү багытына өзөк, руханий баалуулук издөөгө киришти.
Кыргыз элинин тарыхы, үрп-адаты, маданияты «Манаста» чагылдырылган.
2022-жылдын 22-апрелинде «Манас» эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) ар тараптуу изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлык чыккан.
Ошол эле жылы «Манас жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси «Манас» улуттук академиясы болуп өзгөртүгөн.
«Манас» эпосунун күнү 2015-жылы негизделген. Максаты — эпосту даңазалоо, манас таанууну жайылтуу жана манасчыларды мамлекеттик колдоого алуу.
2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар комитети Кыргызстандын атынан номинацияланган «Акын-манасчылардын көркөм өнөрү адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын курамдык бөлүмү катары» долбоорун дүйнөлүк маданий мурастын шедеври деп жарыялаган.