Марал Радиосу

Мал жандыктардын экспорту боюнча маалымат

Айыл чарба министрлиги 2023-жылдын 8 айында Кыргызстан экспорттогон жана импорттогон мал жандыктар тууралуу маалымат берди.

Алсак, быйыл сегиз айда 48 миң 663 баш бодо мал экспорттолгон. Негизинен Өзбекстанга сатылган. Ал эми импорт 9859 башты түзгөн.

Мындан тышкары, 177 миң 621 баш кой-эчки экспорттолгон. Анын ичинде Орусияга — 61 баш, Өзбекстанга — 177 560 баш.

Импорт — 1060 башты түздү.

Жылкынын экспорту быйыл сегиз айда 2572 башты түздү, сырттан 2 882 баш жылкы сатып алынган.

Үй канаттууларынан 15190 даана сатылган, эң көп экспорттолгон өлкө Казакстан. Импорт – 782 768 даана, негизги жеткирүүчү өлкө — Орусия.

Exit mobile version