Марал Радиосу

Дубайда климат боюнча дүйнөлүк саммит башталды (сүрөт)

DECEMBER 1: (L-R) António Guterres, United Nations Secretary-General, Akylbek Zhaparov, Chairman of the Cabinet of Ministers of the Kyrgyz Republic and His Highness Mohamed bin Zayed Al Nahyan, President of the United Arab Emirates and Ruler of Abu Dhabi during the UN Climate Change Conference COP28 at Expo City Dubai on December 1, 2023, in Dubai, United Arab Emirates. (Photo by COP28 / Mahmoud Khaled)

Президент Садыр Жапаров 1-декабрда климат боюнча дүйнөлүк саммитке катышуу үчүн Дубай шаарындагы Expo City Dubai борборуна барды.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Бул жылы ага 70 миңден ашуун адам катышууда, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидерлери бар.

Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Иш-чарага келген делегация башчыларын БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын 28-конференциясында билдирүү жасайт.

Exit mobile version