Марал Радиосу

Автоунааны милдеттүү камсыздандыруу полисин киргизүү мөөнөтү жылдырылат

Экономика жана коммерция министрлиги автоунаа ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) киргизүүнү 2024-жылдын 1-июлуна жылдырууну сунуштады.

Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Негиздемеде айтылгандай, Салык кодексинин 416-беренесине ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн субъекттер патенттик системадан атайын жана жалпы салык салуу режимдерине өтүшү керек.

Ошол эле учурда автоунаа ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну жана салык режимдерин киргизүү элдин чөнтөгүнө оор келиши мүмкүн.

Милдеттүү камсыздандыруунун негизги максаты, жол кырсыктарында жабырлануучулардын укуктарын, мыйзамдуу талаптарын коргоо болуп саналат.

Exit mobile version