Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 1-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз +2…+7.
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 7…9 градус болот.