Марал Радиосу

Жаңы жылда жети күн катары менен дем алыш болот

Эмгек министрлиги 2024-жылдагы дем алыш жана майрам күндөрү жөнүндө токтом иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.

Беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик кызматкерлер үчүн 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин дем алыш күнү деп белгилөө сунушталууда.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 21-мартынан 24-мартына чейин, 1-майдан 5-майга чейин дем алыш болушу мүмкүн.