Марал Радиосу

Бишкекте бош жумуш орундары жарманкесине 3 миңдей адам катышты

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн бош жумуш орундары боюнча жарманкеге 3 миңдей адам катышып, аларга 6 миңден ашык бош орундар тууралуу маалымат берилди.

Бул тууралуу JIA бизнес ассоциациясынан кабарлашты.

Кыргызстандын ар кайсы тармактарынан 80 алдыңкы компаниядан иш берүүчүлөр, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен баарлашуулар өтүп, кесипке багыт берүү сынагы уюштурулду.

Мындан тышкары, ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында мастер-класстарды өткөрүштү.

Иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана JIA бизнес ассоциациясы уюштурду.