Марал Радиосу

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына барат

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) иш сапары менен болот. Ал Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын жыйынына катышат.

Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, БАЭдеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча өлкө президенттери чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат.

1-декабрда Садыр Жапаровдун БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда. Мындан тышкары, БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого катышат.