Марал Радиосу

Ысык-Көлдө кыз ала качууга шектүүлөр кармалды

Ысык-Көлдө никеге туруу максатында кыз ала качууга шектелип, үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

23-ноябрь күнү Бостери аймактык милиция бөлүмүнө Ысык-Көл районунун 2003-жылы туулган И.З. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 15:00 чамасында Корумду айыл аймагында белгисиз үч адам «Ауди» үлгүсүндөгү унаа менен аны ала качып кеткендигин билдирип, тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Арыз катталып, окуя болгон жерге Ысык-Көл райондук милицсянын Бостери аймактык милиция бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу барып, Корумду айылынын 1981-жылы туулган жараны Э.Э., 1980-жылы туулган жараны Б.М. жана 1998-жылы туулган Д. Б. аттуу жаран кармалган. Алдын ала суракта алар күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин («Никеге туруу максатында адам уурдоо») негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөргө карата Ысык-Көл райондук сотун тарабынан 1-ай камака алуу башка коргоо чарасы кабыл алынган. Тергөө амалдары уланууда.