Марал Радиосу

Анжиянда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча комиссиялардын сүйлөшүүлөрү өттү

Ушул жылдын 21-ноябрынан 26-ноябрга чейин Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен өкмөттүк делегациялардыны жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.

Министрлер кабиненине кабарлашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өткөнү, жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлганы айтылды.