Марал Радиосу

УКМК Бишкектеги бир катар сойкукананын ээлерин кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кабарлагандай, кылмыштуу ишмердүүлүктү колдоого багытталган каржылоо булактарын жоюу жана акча агымын азайтуу максатында интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын тармагы аныкталып, бөгөт коюлду.

26-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын бир катар даректеринде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткан жерлерде сойкуканалардын уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (“Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо”) каралган кылмыштын белгилери боюнча, сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдардын бейформал колдоочуларын аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.