Марал Радиосу

ИИМдин кеңеши: Батирге ууру кирбеши үчүн кандай чараларды көрүү зарыл?

Батир уурулугу негизинен үйдү кароосуз калтырган учурда катталат. Уурулардын баары бирдей ыкма колдонушат: кулпуну бузуп кирет; кошумча ачкыч жасатып алат; алдыңкы эшикти талкалап кирет; терезеден түшөт. Бул жаатта Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы бир катар пайдалуу кеңештерди сунуштайт.

— үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз;

— видеокөзөмөл орнотуңуз;

— муляж орнотуңуз, мүмкүн кылмышкер камеранын туташкандыгын текшербейт;

— эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, анда терезени темир тор менен каптаңыз;

— балдарыңызды бейтааныш адамдарга эшик ачпоого үйрөтүңүз;

— сырттан келгендерди турак жайга киргизбеңиз, эгерде адам өзүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, өздүгүн текшериңиз, документтерин сураңыз, уюмга чалыңыз;

— подъезддин жана батирдин кире бериш эшиктери бекем жабылышы керек;

— бышык эшиктерди орнотуңуз, эшик сыртка ачылып, темир менен жабдылышы, кулпусу эки же андан көп болушу керек;

— кире бериште толук жарык болушу керек;

— жакшы мамиледе болгон кошуналардан батирдин эшигинин бүтүндүгүнө көңүл бурууну, керек болсо чала турган байланыш телефондорун калтырууну сурануу керек;

— мүмкүн болсо, узак убакытка кеткенде эң баалуу буюмдарды үйдө сактабаңыз;

— Батирдин ачкычтарын килемдин астына, электр тогуна же башка шарттуу жерлерге, айрыкча эшиктин жанына калтырбаңыз.

Эгерде уурулар сиздин үйдөн мүлктөрүңүздү, баалуу буюмдарыңызды же акча каражаттарыңызды уурдап кеткен болсо:

— дароо милицияга 102 номерине чалыңыз;

— үйүңүздү текшерип, эмне жоголгонун аныктап, уурдалган буюмдардын тизмесин түзүңүз;

— эгер сиз үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз, жакындарыңыздын коопсуздугу, өмүрүңүздү сактап калуу үчүн уурулар менен урушпаңыз;

— кол салган адамга көңүл буруп, жүзүн эстеп калууга аракет кылыңыз. Бул аны кармоо иштерин тездетүүгө жана бардык буюмдарыңызды кайтарып алууга жардам берет.

Мүлкүңүздүн сакталышынын негизги кепилдиктеринин бири: сак жана этият болгонуңуз. Албетте, бардык чара жардам берет, бирок, уурулуктун алдын алуунун негизги ыкмасы: Ички иштер министрлигинин же жеке кызматтардын күзөтүн колдонуу.

Турак жайыңыздын, ишкана-кеңсениздин коопсуздугуна көңүл буруңуз, уурулардын бетин ачууда милицияга дайыма жардам бериңиз. Эгерде сизде уурулукка байланыштуу кылмыштар боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө же 102 номуруна чалыңыз.