Марал Радиосу

Фостердик үй-бүлөлөргө 186 бала берилген

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Аламүдүн районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерди.

Гүлнара Баатырова оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар жайгаштырылган үй-бүлөгө барды.

«Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар бакма ата-эне боло алышат. Алардын билим алуусуна мамлекет жашоо минимумунун бир жарым өлчөмүндө каражат бөлөт»,- деди ал.

Министрликтин маалыматына караганда, фостер институту 2014-жылы 10 баладан турган беш үй-бүлөдөн башталган. Бүгүнкү күндө республикада 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланууда. Бул үй-бүлөлөрдү жана балдарды каржылоого быйыл 48 млн сом бөлүндү.