Марал Радиосу

Президент Кой-Таш аскер бөлүгүнүн абалы менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Кой-Таш аскер бөлүгүнө барды. Бул тууралуу маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысы ал жерден аскер бөлүктүн материалдык-техникалык базасын, аскерлердин жашоо-шартын көрүп чыккан. Аны менен катар ашканасына баш багып, тамагынан ооз тийген.

«Президент Садыр Жапаровдун аскер бөлүктөрүн кыдыруусунун башкы максаты: аскердик кызмат өтөгөндөрдүн тамактануу рациону менен таанышуу, аларга тамактын белгиленген нормада берилишине көңүл буруу», — деп айтылат маалыматта.